MusicTouch » Популярная » Аида Багышбекова - Жакшы кором башкача

Текст песни Аида Багышбекова - Жакшы кором башкача

Аида Багышбекова - Жакшы көрөм башкача

Жылуулукту сезе албаган башкалардан мен
Тартуулады күлүп турган сенин көздөрүң
Каректериң карегиме тиктей калганда
Эң бактылуу жандай сезем ушул ааламда

Мени,мени сүйдүрдүң
Жалыныңа күйдүрдүң
Ажырабай жүрсөйм дейм жаныңда

Сени сени сүйүпмүн
Жалыныңа күйүпмүн
Жакшы көрөм сени башкача

Сыноолордон бирге өтүп жаным экөөбүз
Ажырабай бирге болсо биздин дүйнөбүз
Мен да сени сен да мени сүйүп түбөлүк
Бир денеде согуп турган биз кош жүрөкпүз